Дарыгерлердин маянасы 2026-жыл 50%га жогорулайт

Дарыгерлердин маянасы 2026-жыл 50%га жогорулайт

2026-жылдын апрель айында дарыгерлердин жана саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык кызматкерлердин айлык маянасы 50%га жогоруларын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Министрдин айтымында, мамлекеттик кирешелердин өсүшү мындай чечимди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген.

Азыр саламаттык сактоо кызматкерлеринин орточо маянасы 23 миң сомдун тегерегинде болсо, жогорулатылган соң 35-36 миң сомго чейин жетет. Ал эми тажрыйбасы жогору жана аймактарда иштеген айрым дарыгерлердин маянасы 100 миң сомго чейин чыгып калат”, - деди министр.

Буга улай министр Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында жакынкы 5 жылда бир катар ири реформалар жана долбоорлор ишке ашарын кошумчалады. 

Министрдин айтымында, негизги долбоорлордун сап башында “Медициналык шаарча” долбоору турат. Ошондой эле министрликтин негизги максаттарынын бири –оорунун алдын алууга багытталган саясатты күчөтүү.

“Буга чейин тармак негизинен дарылоо менен гана алектенип келген. Эми болсо оорунун алдын алуу үчүн ресурстарды бир багытка топтоп, системалуу иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө республика боюнча коомдук саламаттыкты сактоо боюнча алты ар башка уюм бар. Бирок, райондордо негизинен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл гана иштеп келет. Министрликтин максаты – бул уюмдарды бириктирип, эки негизги түзүмгө айландыруу жана алардын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу”, - деп белгиледи ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында заманбап турак жай комплекси курулуп жатат. Комплекс 18 өз алдынча блоктон туруп, ар бир имарат 5 кабаттуу болуп салынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Жалпы 1 020 батир каралган. Турак жай комплекси өзүнүн отканасы, автоунаа ээлери үчүн кенен унаа токтотмо жайы менен камсыздалат. Ошондой

Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн кирешелер пландан ашыкча аткарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Планга ылайык 3 млрд 26 млн 856,8 миң сом каралган болсо, иш жүзүндө 3 млрд 53 млн 740,3 миң сом чогултулуп, план 100,9%га аткарылды. Ош шаарынын мэриясынан

Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар

Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар

Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКнын Балыкчы шаарындагы көмүр базасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы жүктөө-түшүрүү пунктунда Бишкек ЖЭБи үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана шаардык көмүр базасы үчүн 2 миң тонна тандалма көмүр камдалган. Көмүр базасында

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети ОПЕК фонду менен түзүлгөн кредиттик макулдашууну биринчи окууда колдоду. Анын алкагында аймактардагы суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн 20 миллион доллар каражат тартылат. Маалыматка ылайык, бул каражаттар Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушта таза суу жана санитария шарттарын жакшыртууга жумшалат. Долбоор жалпы