Росатомго таянган жогорку окуу жайларда - акысыз жогорку билим алуу сунушталат

Росатомго таянган жогорку окуу жайларда - акысыз жогорку билим алуу сунушталат

Кыргызстандын экономикасынын негизги жана эң келечектүү багыттарынын бири - энергетика. Бул тармак өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан, жаш адистерге абдан муктаж. Энергетика тармагындагы россиялык билим берүү дүйнөдөгү эң күчтүү билимдердин бири болуп саналат. 2026/27-окуу жылы жаш кыргызстандыктар үчүн дүйнөдөгү алдыңкы энергетикалык корпорациялардын бири болгон - Росатомго таянган жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) магистратурасына акысыз окууга тапшырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт!

 Кыргызстанга Россия Өкмөтү тарабынан бюджеттик негизде окуу үчүн 700 квота бөлүнгөн, алардын 18и Росатомдун жогорку окуу жайларында

 Росатомго таянган ЖОЖ катарына төмөнкүлөр кирет:

«МИФИ» Улуттук ядролук изилдөө университети
«МЭИ» Улуттук изилдөө университети
Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети
Москва физика-техникалык институту
«МИСиС» Улуттук технологиялык изилдөө университети
Санкт-Петербург мамлекеттик университети
Улуу Петр атындагы Санкт-Петербург политехникалык университети Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети (УрФУ)
Казан мамлекеттик энергетикалык университети (КГЭУ)
А.Н. Туполев атындагы Казан улуттук изилдөө техникалык университети (КАИ)
Н.И. Лобачевский атындагы Улуттук изилдөө Нижегород мамлекеттик университети (ННГУ)  жана башка жогорку окуу жайлары.

 Төмөнкү адистиктер боюнча арыздар кабыл алынууда:

Ядролук энергетика жана технологиялар
Физика жана астрономия
Өнөр жай фармациясы
Материалдар технологиясы
Машина куруу
Химиялык технологиялар
Прикладдык геология, тоо-кен иши, мунай-газ иши жана геодезия

 Окууга кабыл алуу бюджеттик негизде болот, башкача айтканда, окуу толугу менен акысыз. Окууга өткөндөргө стипендия жана жатаканада жашоо мүмкүнчүлүгү берилет. Документтерди тапшыруу жана конкурстук сынактар онлайн негизде өтөт. Билдирүүдө артыкчылык катары кызыккан адистик боюнча 6️⃣ ЖОЖды көрсөтүүгө болот.

Арызды азыр эле https://education-in-russia.com сайтына тапшырыңыз. Бул жерден ЖОЖ, билим берүү программалары жана шаарлар жөнүндө кошумча маалымат ала аласыз. Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 15-декабрында аяктайт.

 Ар шейшемби жана бейшемби күндөрү Бишкектеги Орус үйүндө (Эркиндик бульвары, 2/1) Россиянын ЖОЖда окууну каалагандар үчүн акысыз консультация өткөрүлөт. Башталышы саат 16:00дө. Консультация оффлайн (кирүү акысыз) жана онлайн режимде өткөрүлөт.

 Россиянын ЖОЖна тапшыруу жөнүндө бардык маалыматты uchebarf.kg сайтынан жана Бишкек, Ош шаарларындагы Орус үйлөрүнүн социалдык баракчаларынан табууга болот.

 Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууну суранабыз: +996(312) 30-05-43; +996(770)224-595 же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук дарегине жазыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы