WhatsApp аркылуу 5 млн сомду котортуп алгандар кармалды
Чүй ШИИБи Токмок шаарынын жашоочусу алдамчыларга ишенип 5 млн сомунан кол жууганын билдирди. Мекеменин билдиришинче, 1971-жылы туулган жергиликтүү тургун К.А. милицияга кайрылып, батирин саткандан кийин алдамчылардын курмандыгы болгонун билдирген.
Акчасын алдаткан аял арызында белгисиз бирөөлөр өздөрүн WhatsApp аркылуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, 5 млн сомун “коопсуз эсепке” котортууга ишендиришкен. Акча которулган соң алар дайынсыз болуп кетишкен.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 209-1 беренеси боюнча (“Үчүнчү жактарга электрондук төлөм каражаттарын виртуалдык актив капчыгын жана SIM-картаны атайылап өткөрүп берүү”) кылмыш иши козголгон.
Оперативдик-издөө чараларынан соң милиция кызматкерлери кылмышка тиешеси бар 2003-жылы туулган А.А.ны жана 2005-жылы туулган М.Б.ны кармашкан. Алар банктык картаны каттатышып, андагы маалыматтарды Telegram аркылуу сатышкан. Ал картаны алдамчылар жабыркоочудан акча алуу үчүн колдонушкан.