Бишкекте кыргыз-австрия жумушчу тобу инновациялык долбоорлорду талкуулады

Бишкекте кыргыз-австрия жумушчу тобу инновациялык долбоорлорду талкуулады

Күн мурун Бишкек шаарында КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Австриянын Федералдык каржы министрлиги түзгөн Меморандумдун алкагында кыргыз-австриялык биргелешкен жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыйында тараптар тоо-кен тармагы, минералдык ресурстар жана инновациялык технологиялар боюнча кызматташтык багыттарын талкуулашты. Алдыңкы тажрыйбаны алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана биргелешкен долбоорлорду даярдоо маселелери каралды. Мындан ары үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү менен кызматташтыкты тереңдетүү макулдашылды.

Кыргыз тарапты Жаратылыш ресурстары министрлигинин орун басары Жусупбеков Марат Мамбетович, Австрия делегациясын тоо-кен өнөр жайы боюнча жооптуу каржы министринин орун басары Андреас Райххардт баштап келди. Жыйында ошондой эле ири тоо-кен компаниялары жана лабораториялардын өкүлдөрү катышты.

Тараптар мыйзамдар, инвестициялык объекттер, сейрек кездешүүчү жер металлдарын алуу технологиялары жана кадрларды даярдоо боюнча кызматташтык маселелерин талкуулашып, келечекте конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын аэропортуна барчу жол асфальтталды

Нарын аэропортуна барчу жол асфальтталды

Нарын облусундагы Нарын – Оруктам жолунун 4-9+500-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты. “Нарын” аэропортуна алып барган жолдун жалпы 5,5 чакырымы оңдолуп, жол эки тараптуу жасалды. Азыркы тапта министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 8 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол жээгин бекемдөө

Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын саны  былтыркыга салыштырмалуу 21% өстү

Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын саны былтыркыга салыштырмалуу 21% өстү

2025-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 2,03 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 21,07% өскөн. Мындай маалыматты Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын начальниги Айбек  Алиев бүгүн басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди. “Акча которуулардын дүң агымы былтыркыга салыштырмалуу  16,14%

Түптүн Көөчү айылында заманбап эки кабаттуу мектеп курулууда

Түптүн Көөчү айылында заманбап эки кабаттуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын Осмонов көчөсү 86 дарегинде эки кабаттуу жаңы мектеп курулуп жатат. Жалпы аянты 1351,74 чарчы метр. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралып, республикалык бюджеттен каржыланууда.  Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, Курулуш министрлигине караштуу

Төрөбаев "Түп" картошка өстүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Төрөбаев "Түп" картошка өстүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кечээ, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан “Түп” картошка өстүрүү борборуна барды. Министр борбордун ишмердүүлүгү, картошка сактоо инфраструктурасы жана техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Борбордун негизги максаты – дыйкандарды сапаттуу жаңы үрөн менен камсыз кылуу