DOHWA Engineering Чүйдөгү саркынды суу долбооруна техникалык көмөк көрсөтөт

DOHWA Engineering Чүйдөгү саркынды суу долбооруна техникалык көмөк көрсөтөт

DOHWA Engineering компаниясы Чүй агро өнөр жай аймагында курулушу пландалып жаткан канализациялык тазалоо курулмаларынын долбоорун ишке ашырууда техникалык көзөмөлдү акысыз негизде жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Кыргыз Агрохолдинг” ААК жана DOHWA Engineering компаниясынын өкүлдөрү Түштүк Кореянын Ёнчхон шаарындагы саркынды суу тазалоо комплекси менен таанышып кайтышты. Бул объект суткасына 21 000 м³ саркынды сууну толук цикл менен тазалоого жөндөмдүү болуп, толугу менен DOHWA Engineering тарабынан курулган жана ошол эле компаниянын технологиялары менен иштетилип келет.

Кыргызстанда заманбап, экологиялык жактан коопсуз саркынды суу тазалоо системаларын өнүктүрүү — калктын жашоо сапатын жакшыртууга, санитардык-экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана агроөнөр жай өндүрүшүнүн туруктуу инфратүзүмүн түзүүгө багытталган маанилүү кадам.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта