Эсептөө палатасы GSAI долбоорунун алгачкы этабын аяктады

Эсептөө палатасы GSAI долбоорунун алгачкы этабын аяктады

Эсептөө палатасы 2023–2025-жылдарга карата ишке ашырылган Отчеттуулуктун глобалдык демилгесин колдоо (GSAI) долбоорунун биринчи этабын ийгиликтүү аяктады. Долбоор Польша Жогорку аудит органы, IDI уюму, Европа биримдиги жана Сауд Аравиясынын аудит органынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Эки жыл ичинде Эсептөө палатасы эл аралык ISSAI стандарттарына ылайык жаңы каржылык, шайкештик жана натыйжалуулук аудит методикаларын иштеп чыгып, ишке киргизди. Аудиторлор үчүн кеңири окуулар өткөрүлүп, алардын кесиптик даярдыгы жогорулатылды.

Ошондой эле мекеме аудит процессин санариптештирүү багытында стратегия кабыл алып, маалыматтарды талдоо жана IT-аудит боюнча жаңы ыкмаларды өздөштүрдү. Бул жараянда Польшанын жогорку аудит органынын тажрыйбасы пайдаланылды.

Институционалдык өнүктүрүү боюнча дагы бир маанилүү кадам — коммуникация стратегиясынын, жаңыланган ички эрежелердин жана аудиттин ачыктыгын камсыздаган Этикалык кодекстин кабыл алынышы болду.

Эсептөө палатасы GSAI долбоорунун кийинки этабын баштоого толук даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары -

Парламентте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жолдору талкууланды

Парламентте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жолдору талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына байланышкан депутаттык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга депутаттар, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев бул жолугушуу туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоого жана аларды ишке ашырууда парламенттин ролун күчөтүүгө багытталган маанилүү аянтча