Майлуу-Сууда борбордук парк реконструкцияланууда
Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Майлуу-Суу шаардык башкармалыгы тарабынан эски борбордук паркты жаңылоо боюнча эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Борбордук парк шаардын М.Конгантиев көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 3700 м2. Долбоорго ылайык, оргума, чакан концерттик сахна залы, балдар аянтчалары, бильярд, теннис ойноочу жайлар жана жергиликтүү тургундар үчүн сейилдөөгө ылайыкташкан жашыл аймак каралган.
Азыркы учурда курулуш иштери 50%га бүткөрүлүп, иш кызуу уланууда,- деп айтылат маалыматта.





