Баалар көзөмөлдө: Талас шаарында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Баалар көзөмөлдө: Талас шаарында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасынын алкагында өлкөнү негизги азык-түлүк менен туруктуу жана дефицитсиз камсыз кылуу максатында айыл чарба жарманкелерин өткөрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ушул багытта Талас шаарындагы А. Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин алдында Талас райондук мамлекеттик администрациясы жана шаардык мэриясынын уюштуруусу менен кезектеги азык-түлүк жарманкеси өткөрүлдү.

Жарманкеге район жана шаар аймагындагы дыйкандар, фермерлер жана жеке ишкерлер өз продукцияларын алып чыгышып, Мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн бааларда калкка сунушташты.

Жарманкенин негизги максаты – калкты жеткиликтүү баада сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана рыноктогу бааны туруктуу сактоо.

Мындан тышкары окуңуз

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары -

Парламентте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жолдору талкууланды

Парламентте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жолдору талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына байланышкан депутаттык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга депутаттар, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев бул жолугушуу туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоого жана аларды ишке ашырууда парламенттин ролун күчөтүүгө багытталган маанилүү аянтча