Түптүн Көөчү айылында заманбап эки кабаттуу мектеп курулууда

Түптүн Көөчү айылында заманбап эки кабаттуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын Осмонов көчөсү 86 дарегинде эки кабаттуу жаңы мектеп курулуп жатат. Жалпы аянты 1351,74 чарчы метр.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралып, республикалык бюджеттен каржыланууда. 

Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жатат. Жаңы мектепти 2026-жылдын жай айына чейин бүткөрүү пландалууда. 

Учурда жаңы мектептин бүткөрүлүшүн күткөн 500гө жакын окуучу 15 жыл мурда курулуп, жер титирөөдөн улам кооптуу абалга кептелип калган эски мектепте билим алууда.

Мындан тышкары окуңуз

Каркыра жайлоосунда заманбап туристтик борбордун курулушу башталды

Каркыра жайлоосунда заманбап туристтик борбордун курулушу башталды

Түп районунун Каркыра жайлоосунда жаңы заманбап туристтик борбордун курулушу башталганын Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан кабарлашты.  Алардын айтымында, жергиликтүү ишкер өзүнүн курулуш долбоорун сунуштап, колдоо сурап кайрылган. Байкоочу кеңештин чечими менен ага үстөк пайызсыз 15 млн сом берилген.  Долбоорго ылайык, 200 адам баткыдай 19 корпус тургузулат. Ошол территорияда административдик имарат, ашкана, конференц-зал,

Улуттук банк быйыл 590,5 млн долларга 6 интервенция жасаганы маалым болду

Улуттук банк быйыл 590,5 млн долларга 6 интервенция жасаганы маалым болду

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Кыргызстандын экономикалык активдүлүгү жогорку деңгээлде уланып, өсүүлөр экономиканын дээрлик бардык тармактарында катталганын брифингде билдирди. "Кыргызстандагы реалдуу эмгек акынын өсүшү, башкача айтканда, инфляцияны эске алганда 10,9 пайызды түздү. Ошону менен бирге, акча которуулардын өсүшү 24,1 пайыз деңгээлинде болду. Улуттук банк биринчи

Нарын аэропортуна барчу жол асфальтталды

Нарын аэропортуна барчу жол асфальтталды

Нарын облусундагы Нарын – Оруктам жолунун 4-9+500-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты. “Нарын” аэропортуна алып барган жолдун жалпы 5,5 чакырымы оңдолуп, жол эки тараптуу жасалды. Азыркы тапта министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 8 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол жээгин бекемдөө

Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын саны  былтыркыга салыштырмалуу 21% өстү

Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын саны былтыркыга салыштырмалуу 21% өстү

2025-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 2,03 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 21,07% өскөн. Мындай маалыматты Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын начальниги Айбек  Алиев бүгүн басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди. “Акча которуулардын дүң агымы былтыркыга салыштырмалуу  16,14%