Бишкек мэри инфраструктуралык жана социалдык объектилерди текшерип чыкты
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерге – бала бакчаларга, жол курулуштарына жана көмүр базаларына көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ак-Өргө конушундагы бала бакчада 877 чарчы метр аянттагы эки кабаттуу имарат курулуп, ал 280 балага ылайыкташтырылган. Оюн-зал, уктоочу бөлмөлөр, буфет, ашкана, медициналык кабинет жана бардык зарыл техникалык жайлар каралган. Курулуш азыр 90% аяктаган.
Арча-Бешик конушундагы бала бакча 570 чарчы метр аянтта Т-түрүндөгү эки кабаттуу имарат катары 180 балага эсептелген. Мэр подрядчыга курулуш темпин тездетүүнү жана сапатты көзөмөлдөөнү тапшырды.
Андан соң мэр Чолпон көчөсүндөгү Долон бий — Тагай бий көчөлөрүндөгү жол курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жаңы жол 670 метр узундукта, 7 метр туурасындагы айдоо бөлүгү жана эки тарабында 2 метрден тротуар каралган.
Ошондой эле Айбек Джунушалиев шаардагы көмүр базаларын кыдырып, санитардык абалды текшерүүнү, унааларды жуу үчүн атайын жабдуулар орнотууну жана көмүр баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.




