Оштун Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушу башталды

Оштун Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушу башталды

Бүгүн Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектеп бардык заманбап шарттарды эске алуу менен курулат. Жылуулук берүү үчүн откана, ажаткана, баскетболдук жана волейболдук аянтча, балдар ойноочу жай жана стадион да каралган. Ошондой эле видеобайкоо, рекреациялык зоналар да камтылат.

Мэр Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү элге ыңгайлуулук жаратуу үчүн аткаруу бийлиги тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу маалымат берди.

Эскерте кетсек, учурда Кең-Сай массивинде бала бакчанын жана көп кабаттуу ипотекалык үйдүн курулушу да жүрүп жатат. Мындан 2 айга жакын убакыт мурун аталган обьекттерге мэрдин катышуусунда капсула салынган. 

Калаа башчы өз сөзүндө конуш алдыңкы жылдарда өнүгүү жолуна түшө турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей