Түптөгү мектеп 47 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы В. Кайкин атындагы орто мектеп 1978-жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүнкү күндө мектептин ичиндеги оңдоо иштер бүткөрүлүп, жууп-тазалоо этабына жетти. Мындан тышкары, сырткы футбол талаасы толук жаңыланып, мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Жаңы баскетбол жана волейбол талаалары да салынды.
Курулуш иштерин Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарып жатат. Капиталдык оңдоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы пайдаланууга берилгенден бери косметикалык оңдоп-түзөө гана жүргүзүлгөн, ал эми 2025-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган.