Ак-Талаа районунда топоз эти элге 550 сомдон сатылды

Ак-Талаа районунда топоз эти элге 550 сомдон сатылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда топоз эти 550 сомдон сатылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Кабар” агенттигине билдирген. 

Арзандатылган баадагы эт Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын демилгеси менен калкты социалдык колдоо жана кышкы сезонго даярдык көрүү максатында сатылды.

Иш-чаранын алкагында “Толо-Темир” асыл тукум чарбасы райондун тургундары үчүн топоз жана тайдын этинин 1 килограммын 550 сомдон сунуштады. Бул акция 1-декабрда өткөрүлүп, калкка этти базар баасынан кыйла төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Акимчиликтин өкүлдөрүнүн айтымында, бул акция жакынкы күндөрү дагы улантылат. 

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүп жатат. Азырынча талаа иштери толук баштала элек болсо да, дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Район боюнча дыйкандарга жеңилдетилген шартта 20 миң литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, кошумча 32 миң литр күйүүчү май алуу үчүн

Нотариалдык системаны пайдалануу үчүн акы төлөнө баштайт

Нотариалдык системаны пайдалануу үчүн акы төлөнө баштайт

Министрлер кабинети Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасын пайдалануу үчүн акы киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Документке ылайык, төлөм жеке нотариустардан нотариалдык аракеттерди жасоодо жана система аркылуу техникалык кызматтарды көрсөтүүдө алынат. Акынын өлчөмү  Юстиция министрлиги тарабынан монополияга каршы орган менен макулдашуу аркылуу аныкталат. Түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга багытталат: * системанын техникалык колдоосу, * киберкоопсуздукту

Кыргызстанда 4 жылда 29,5 млн көчөт отургузулган

Кыргызстанда 4 жылда 29,5 млн көчөт отургузулган

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында быйыл өлкөдө 9 млн көчөт отургузуларын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жыл сайын бекитилген иш планга ылайык, республика боюнча отургузулган көчөттөрдүн саны өсүүдө: * 2022-жылы: 6 млн түп; * 2023-жылы: 7 млн

Эсептөө палатасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда каржылык бузуулар бар экенин аныктады

Эсептөө палатасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда каржылык бузуулар бар экенин аныктады

КРнын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Ак-Суу районунда 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүп, бир катар бузуулардын болгондугун аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында, жалпы 37 млн 425,1 миң сомдук каржылык бузуулар анык болуп, анын ичинен