ЕАЭБде ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча жаңы талаптар талкууда

ЕАЭБде ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча жаңы талаптар талкууда

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) «Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине № 2 өзгөртүүлөр долбоорун коомдук талкууга койду. Документ ЕАЭБдин расмий порталында жайгаштырылган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Долбоор төмөнкү жаңыланмаларга багытталган:

  • Маркалоо талаптарын тактоо: табигый минералдык, табигый жана иштетилген ичүүчү суулардын маркалоосуна кошумча талаптар киргизилет. Ошондой эле таңгакталган сууларды декларациялоо же мамлекеттик каттоодон өткөрүү учурунда маркалоонун шайкештигин ырастоо тартиби такталат.
  • Коопсуздук нормаларын жаңылоо: ашкана суулары үчүн фториддердин жол берилген деңгээли кайра каралып чыгат, марганец боюнча талаптар такталат. Дарылоо жана дарылоо-ашкана сууларына карата радиациялык коопсуздукту баалоо нормалары жаңыртылат.
  • Редакциялык жана техникалык түзөтүүлөр: техникалык регламенттеги бир катар дал келбестиктер жана техникалык мүнөздөгү кемчилдиктер жоюлат.

Коомдук талкуу 2026-жылдын 6-мартына чейин уланат. Долбоор боюнча бардык сунуштар жана сын-пикирлер ушул мөөнөттөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына жазуу жүзүндө кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Нотариалдык системаны пайдалануу үчүн акы төлөнө баштайт

Нотариалдык системаны пайдалануу үчүн акы төлөнө баштайт

Министрлер кабинети Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасын пайдалануу үчүн акы киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Документке ылайык, төлөм жеке нотариустардан нотариалдык аракеттерди жасоодо жана система аркылуу техникалык кызматтарды көрсөтүүдө алынат. Акынын өлчөмү  Юстиция министрлиги тарабынан монополияга каршы орган менен макулдашуу аркылуу аныкталат. Түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга багытталат: * системанын техникалык колдоосу, * киберкоопсуздукту

Кыргызстанда 4 жылда 29,5 млн көчөт отургузулган

Кыргызстанда 4 жылда 29,5 млн көчөт отургузулган

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында быйыл өлкөдө 9 млн көчөт отургузуларын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жыл сайын бекитилген иш планга ылайык, республика боюнча отургузулган көчөттөрдүн саны өсүүдө: * 2022-жылы: 6 млн түп; * 2023-жылы: 7 млн

Эсептөө палатасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда каржылык бузуулар бар экенин аныктады

Эсептөө палатасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда каржылык бузуулар бар экенин аныктады

КРнын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Ак-Суу районунда 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүп, бир катар бузуулардын болгондугун аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында, жалпы 37 млн 425,1 миң сомдук каржылык бузуулар анык болуп, анын ичинен

Берлинде массалык иш таштоодон улам 57 миң жүргүнчү уча албай калды

Берлинде массалык иш таштоодон улам 57 миң жүргүнчү уча албай калды

Берлин-Бранденбург аэропортунда 18-мартка белгиленген иш таштоого байланыштуу бардык каттамдар токтотулганын Deutsche Welle маалымдады. Иш таштоонун натыйжасында жалпы 445 каттам жокко чыгарылып, болжол менен 57 миң жүргүнчү уча албай калган. Жүргүнчүлөргө билет маселеси боюнча өз авиакомпанияларына кайрылып, башка жолдорду карап чыгуу сунушталууда. Иш таштоону Ver.di (ири кесиптик бирликтер) уюштурган. Алар