ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда.
ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө.
Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн ИИМ бардык айдоочуларды жолго чыгарда аба ырайынын шарттарын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдык режимин бузбоого чакырат. Ошондой эле, каршы тилкеге чыкпай, аралыкты так сактап, унааларынын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.
Өзгөчө, алыс жолго чыгаарды унаанын кышкы дөңгөлөктөрү тагылганын, алардын абалы жарактуу экенин, унаада тайгаланууга каршы чынжырдын бардыгын текшерүүнү эскертет.