29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу берүү убактылуу токтотулат
29-декабрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин "Алтын-Ордо" конушундагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Диаметри 150 мм болгон суу түтүгүн кайра кошуу, диаметри 100 мм болгон түтүккө тээктерди жана диаметри 100 мм болгон өрт гидрантын орнотуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат. Иштер 2-көчө (18-көчө жана 7-көчө менен кесилишкен жер), 8-көчө, 2-көчө жана 1-көчөдө жүргүзүлөт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.