Эң жаш делегат Арсен Болотов эски имараттарды иштетүү маселесин көтөрдү

Эң жаш делегат Арсен Болотов эски имараттарды иштетүү маселесин көтөрдү

IV Элдик курултайдын эң жаш делегаты, 22 жаштагы Арсен Болотов Токмок шаарына тиешелүү маселелер менен келди.

Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси, өзгөчө жаш адистердин аздыгы. Ал жаш кадрларды шаарда алып калуу жана аларды тартуу үчүн жеңилдетилген программаларды уюштурууну сунуштады.

"Биздин шаарда реабилитациялык борборлор, мектептер жана спорттук комплекстер жетишсиз. Ошол эле учурда Токмокто кароосуз калган имараттар көп. Шаардын өнүгүү балансын сактоо үчүн бул имараттардын ордуна мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объекттерди уюштурса болот", — деп белгиледи Арсен Болотов.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле