Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар каралат.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланды.

Аймактык башкармалыктар фостердик үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо жана кам көрүү талаптарынын сакталышын туруктуу көзөмөлдөп турат.

Эске салсак, фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматтарын көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы №622 токтому менен жөнгө салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле