Таш-Көмүрдөгү 5 балык чарбасында мыйзам бузуулар аныкталды

Таш-Көмүрдөгү 5 балык чарбасында мыйзам бузуулар аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Таш-Көмүр шаарында жайгашкан балык чарбаларында текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы 7 балык чарбасы каралып, алардын ичинен 5 чарбада Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталды. Тактап айтканда, айрым чарбалар жер тилкелерин өз алдынча мыйзамсыз ээлеп алып, алардын багытын бузуу менен максатсыз пайдаланып келгендиги белгилүү болду.

Аталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүү максатында тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, бул текшерүү иш-чаралары жер жана суу ресурстарын мыйзамдуу, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле