Майрамдарда жол жүрүүдөн кантип үнөмдөөгө боло тургандыгын Яндекс Go айтып берди

Майрамдарда жол жүрүүдөн кантип үнөмдөөгө боло тургандыгын Яндекс Go айтып берди

Яндекс Go өткөн жылы майрам алдындагы күндөрү жана Жаңы жыл түнүндө кайсы убакытта такси чакыруу пайдалуураак болгондугун, ошондой эле жол жүрүүнү арзандатууга жардам бере турган сунуштар менен бөлүштү.

 Майрам күндөрү сервистеги тарифтер — 1 километр жана 1 мүнөткө эсептелген унаага отургузуунун баасы — өзгөрүүсүз калат, бирок суроо-талап жогорулаганда жол кире кымбатташы мүмкүн. Эгер жолго чыккысы келгендердин саны айдоочулардан көп болсо, жол кире адаттагыдан жогорулайт.

 Жаңы жыл алдындагы дем алыш күндөр адатта кысталыш болот: баары белектерди сатып алып, майрамдык дасторконго кам көрүп, акыркы иштерин бүтүрүүгө шашылат. 2024-жылдагы сервисти колдонуунун маалыматтарына таянып, Яндекс Go жакынкы күндөрү кайсы убакта такси чакыруу ыңгайлуураак болорун айтып берди*.

 Жылдын акыркы дем алыш күндөрү

 Өткөн жылдын акыркы дем алышы ишемби, 26-декабрга туш болуп, жол жүрүү күндүз — 10:00дон 13:00го чейин жана 14:00дөн 17:00гө чейин, ал эми кечинде 19:00дөн 23:00гө чейин пайдалуураак болгон. Жекшемби, 27-декабрда болсо, 10:00дон 17:00гө чейин жана 18:00дөн 22:00гө чейин такси чакыруу ыңгайлуу болгон.

 31-декабрь жана Жаңы жылдын түнү

 31-декабрда такси чакыруу 9:00дон 12:00гө чейин жана 15:00дөн 23:00гө чейинки убакыттын ортосунда пайдалуураак болгон. Кийинчерээк айдоочулардын бир бөлүгү үй-бүлөсүнө барыш үчүн линиядан чыгып кетишкендиктен, унаалар азайып, жол кире - убактылуу кымбаттаган.

 Түн ортосунан кийин 1-январда саат 2:00го чейин линиядагы айдоочулардын саны адаттагыдан аз болгондуктан, жол жүрүүгө суроо-талап өскөн. Мындай учурларда жол кире баасы жогорулаган. Ал эми 2:00дөн 4:00гө чейин суроо-талап да, жол кире да төмөндөгөн.

 1-январь

 1-январь күнү таңкы саат 4:00дон 8:30га чейин көптөр майрамдык кечелерден үйлөрүнө кайтып жаткандыктан, сапардын баасы жогорулап, унааны күтүү убактысы узагыраак болгон.

 Сервистин өткөн жылдагы маалыматына ылайык, 1-январда суроо-талап адаттагыдай болгон: айдоочулар акырындык менен линияга чыгышып, көпчүлүк адамдар майрамдан кийин үйлөрүнө кайтып келүүгө үлгүрүшкөн.

 Лайфхактар: жол киреден кантип үнөмдөөгө болот

 1. Суроо-талап индикаторуна көңүл буруңуз

Эгер линияда бош унаалар жетиштүү болсо, индикатор жашыл түстө болуп, жол кире базалык баада сакталат. Суроо-талап жогорулаганда индикатор кызгылт сары же кызыл түскө өзгөрүп, жол кире баасы да базалык баадан жогорулайт.

Суроо-талапты түшүнүү, чечим чыгарууга жардам берет. Ага ылайык, учурдагы абалды баалап, шыр чыгып кетүү керекпи, күтө турса болобу же коомдук транспортту тандаган оңбу деген чечимдер талданат.

Суроо-талап индикаторун тиркеменин башкы экранынын жогору жагындагы сол бурчтан тапса болот. Индикаторду басканда орточо бааларга негизделген баа графигин, жолдун шартын жана суроо-талаптын деңгээли тууралуу маалыматты көрүүгө болот.

2. Тиркемедеги кеңештерден пайдаланыңыз

 Яндекс Go тиркемесинде «Кантип арзаныраак кетсе болот» деген пайдалуу билдирүүлөр бар. Кээде тиркеме жол кире арзан болуш үчүн жүргүнчүгө жолоочу менен барууну сунушташы мүмкүн. Ошондой эле тиркеме унааны бир аз узагыраак күтүп, арзаныраак баада кетүүнү же айдоочу үчүн отургузууга  ыңгайлуу чекитке, мисалы, жолдо тыгын болуп же короого кирүү кыйын болгон учурда, бир нече мүнөт жөө басып барууну сунуштайт. Мындай учурда жүргүнчү үчүн жол кире арзан болуп, айдоочу да буйрутмага көп убакыт коротпойт.

 3. Унаага буйрутманы так эмес саатта кылыңыз

Эгер унааны көп популярдуу эмес убакта чакырсаңыз, суроо-талап бир аз төмөн болушу мүмкүн. Мисалы, так саатка 5–20 мүнөт калганда буйрутма кылуу пайдалуураак. Айталы, үйдөн саат 15:00дө чыгайын деп жаткан болсоңуз, 14:40та буйрума кылууну карап көрүңүз.

Бааны жогорулатуучу коэффициент — бул убактылуу чара, ал шашылыш жолго чыгышы керек болгондорго унаа табууга шарт түзөт. Ошондой эле ал линияга көбүрөөк айдоочуларды тартууга жардам берип, суроо-талап менен сунушту тең салмактуу абалга алып келет. Линияда жетиштүү айдоочу пайда болоору менен, жол кире кадимки деңгээлге кайтып келет.

 

💡
*Маалымат сунуш иретинде берилет. Чыныгы жол киренин жана суроо-талаптын динамикасы айырмаланышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17