Каракол унаа жолун куруу мөөнөтүн жана ченемдерин бузган жаран кармалды

Каракол унаа жолун куруу мөөнөтүн жана ченемдерин бузган жаран  кармалды

УКМК төрагасы К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, КР УКМК тарабынан “Балыкчы - Бөкөнбаев-Каракол” авто жолунун курулушунун үч участогу боюнча “Кыргыз Жол Курулуш” ЖЧКсы тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, тергөө-оперативдүү иш-чараларынын жүрүшүндө, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, курулуш иштеринин мөөнөттөрүн жана техникалык ченемдерин бузгандыгы үчүн «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсынын жана «ИС-Саби Холдинг» ЖЧКсынын негиздөөчүсү КР жаран И.М.И. кармалды.

Билдирүүгө караганда ал Республикалык маанидеги автожолдун өз убагында бүткөрүлбөй калышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коммерциялык уюмдун кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

Шектүү азыркы учурда Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле