Таксилердин лицензиясын текшерүү 2-февралдан башталат

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2-февралдан башталат

Кыргызстанда такси кызматын көрсөткөн айдоочулардын лицензиясын текшерүү жана рейддер 2-февралдан тарта жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалымдады.

Маалыматка ылайык, такси айдоочуларына лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган. Ошондуктан айдоочулар бул убакытка чейин тиешелүү уруксат кагазын алып үлгүрүшү керек.

ЖКККББ такси айдоочуларын лицензияны акыркы күндөргө калтырбай, азыртан алуу зарылдыгын эскертүүдө. Азыркы тапта лицензия берүү кызматы бардык аймактарда үзгүлтүксүз жана тез көрсөтүлүп жатат. Бирок мөөнөт аяктоого жакындаган сайын кезек көбөйүп, ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 22-августунан тарта такси кызматын көрсөткөн айдоочулар үчүн лицензия алуу милдеттүү болуп, оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынган мыйзам күчүнө кирген.

Жаңы талапка ылайык, такси кызматында лицензиясы бар айдоочулар гана иштей алышат. Лицензиянын акысы жеке жактар үчүн жылына 500 сом, юридикалык жактар үчүн 1000 сомду түзөт.

Лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн жеке айдоочуларга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.

Лицензия кеминде үч жыл айдоочулук тажрыйбасы бар, жыл сайын медициналык текшерүүдөн жана техникалык кароодон өткөн, соттолбогон айдоочуларга берилет. Ошондой эле мыйзамга ылайык, оң рулдуу унаалар такси катары иштей албайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей