Н.Орунтаев Бишкектеги сертификаттоо борборунун курулушу менен таанышты

Н.Орунтаев Бишкектеги сертификаттоо борборунун курулушу менен таанышты

Бүгүн, 6-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы Ж.Бөкөнбаев көчөсү, 88 дарегинде курулуп жаткан Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр курулуш иштеринин сапатына, колдонулуп жаткан материалдардын талаптарга жооп берүүсүнө жана иштердин белгиленген графикке ылайык аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берди.

Маалыматка ылайык, учурда имараттын үчүнчү кабатын заводдон даярдалган темир-бетон блок-модулдар аркылуу тургузуу иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу имарат курулуп, анда жумушчу бөлмөлөр, конференц-зал жана квалификацияны жогорулатуу үчүн окуу класстары жайгашат.

Белгилей кетсек, учурда борбордун кызматкерлери Москва көчөсү, 190 дарегиндеги имаратта ижарада иштеп келишет. Жаңы имараттын курулушу 2025-жылдын 28-ноябрында башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей