Ошто муниципалдык айып короо курулуп жатат

Ошто муниципалдык айып короо курулуп жатат

Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, Манас-Ата аймактык башкармалыгынын аймагында муниципалдык айып короо (унаа токтотуучу жай) даярдалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Учурда унаа токтотуучу жайдын аймагында курулуш жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, тирөөч дубалдар курулуп, "Ошсвет" муниципалдык ишканасы тарабынан заманбап жарыктандыруу системасы орнотулууда. Мындан тышкары, аймак грейдер техникасынын жардамы менен тегизделип, айланасы тосмолонууда.

Белгилей кетсек, аталган айып короо 50–60 унаага ылайыкталып, шаар ичиндеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа токтотуу эрежелерин бузуу учурларын азайтуу максатында уюштурулууда.

Мындан тышкары окуңуз

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Эми улуттук төлөм карт “Элкарт” ээлери Өзбекстанда соода кылып, накталай акчаларын чыгара алышат. Ал эми Өзбекстандын улуттук төлөм системасы HUMOнун карт ээлери ушундай эле мүмкүнчүлүтөрүн Кыргызстанда колдоно алышат. Мындай билдирүүнү “Элкарт” улуттук төлөм системасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Билдирүүгө караганда, валюта алмаштырып же эл аралык карталарды колдонбой эле койсо болот.

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Коомчулук тарабынан айтылган сунуш-пикирлер же кандайдыр маалыматтар тараса өлкө жетекчилигине маалымат иретинде жеткирилип турат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, Фейсбукта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча сунушунун билдирген. Анда ал ипотекалык батирлердин 1 кв/м элге 300 АКШ долларынан

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу сафлордон алынган жымыхты малдарга тоют катары колдонуу менен айыл чарба тармагында кошумча баалуулук жаратууну максат кылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фонду тарабынан аталган чарбага керектүү жабдыктар алынып берилди. Учурда чакан цех сафлор айдоону өздөштүрүп,

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд долларга жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10%га, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27%га көбөйгөн. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3