АКШ визасы: кыргызстандыктар үчүн 15 миң долларга чейин кепилдик киргизилди

АКШ визасы: кыргызстандыктар үчүн 15 миң долларга чейин кепилдик киргизилди

АКШга барууну пландаган Кыргызстандын жарандары эми 5 миң доллардан 15 миң долларга чейинки кошумча төлөм төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, сөз кепилдик визалык төлөм — visa bond тууралуу болуп жатат. Жаңы талап B-1 жана B-2 категориясындагы визаларга, башкача айтканда иш сапар, туристтик жана жеке максаттагы сапарларга карата колдонулат.

АКШ бийлиги визанын мөөнөтүн бузуу коркунучу жогору деп эсептелген өлкөлөр үчүн бул тартипти киргизип, учурда алардын саны 38ге жеткен. Алгач тизмеге 13 өлкө кирсе, кийин дагы 25 мамлекет кошулган. Анын ичинде быйыл 21-январдан тарта Кыргызстан да расмий түрдө тизмеге киргизилди. Кыргызстан менен катар Тажикстан жана Түркмөнстан да кошулган.

Visa bond талабы коюлган жарандар АКШга кирүүдө кошумча шарттарды аткарууга тийиш. Тактап айтканда, алар өлкөгө алдын ала белгиленген үч эл аралык аэропорт аркылуу гана кире алышат. Алар — Вашингтондогу Даллес, Бостондогу Логан жана Нью-Йорктогу Жон Кеннеди атындагы аба майдандары.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей