Аламүдүн районунун суу системаларын модернизациялоо маселелери талкууланды

Аламүдүн районунун суу системаларын модернизациялоо маселелери талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн районунда активисттер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушууда айылдарды суу менен камсыздоо системалары боюнча зарыл болгон документтерди даярдоо иштерин тездетүү маселелери талкууланды. Анын негизги максаты заманбап суу менен камсыздоо системаларын киргизүү жана калкты сапаттуу, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу болуп саналат.

Төрөбаев документтерди өз убагында жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк региондорду өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти техникалык тапшырмаларды түзүүдө көмөк көрсөтөт.

Министр жергиликтүү айыл өкмөттөр тарабынан документтерди чогултуу процессин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырактар орнотулду

Бишкекте лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырактар орнотулду

Бишкек шаарындагы Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырактар орнотулду. Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдагандыгын, мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо

Курулуш министрлиги “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча түшүндүрмө берди

Курулуш министрлиги “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда Бишкекте курулуп жаткан “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча видео тарады. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жараткан. Бул боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги аталган объект боюнча курулуш иштери башталганга чейин инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын жыйынтыгында жер астындагы суулардын деңгээли

Нарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча рейд өткөрүлдү

Нарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча рейд өткөрүлдү

Бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев Нарын облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрүнүн ишин таң эртеден тарта текшерди. Ведомствонун маалыматына ылайык, ал кызматтык унааларды жолго чыгаруу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле айдоочуларды жолдо бири-бирин сыйлоого жана

Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгат

Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгат

Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору иштелип жатканын журналисттерге Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. "Биз “блогер” деген ким экенин так аныкташыбыз керек. Блогерлердин өзүнүн катталуучулары, өз аудиториясы бар жана алар коомго таасир эте алышат. Ооба, алар ЖМК катары каралбайт, бирок кандайдыр бир маалыматты таратып жатып, адамдарга