Импорт-экспорт жүктөрүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлөт

Импорт-экспорт жүктөрүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлөт

Күн мурун Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору М.А. Кочеров кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кант" көзөмөл пункттарынын ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, каникул күндөрүнө карабастан жүргүзүлгөн текшерүүдө импорт-экспорт жүктөрүнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо жана ЕАЭБдин талаптарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына карантинге алынган продукцияны ташууда фитосанитардык талаптарды так сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары, мыйзам бузуулар аныкталган учурда айыл чарба продукциясын кайтарып берүү, жок кылуу же зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, коопсуздукка коркунуч жараткан жүктөрдү киргизбөө тапшырмасы коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей