Өткөн жылы айыл чарба тармагында 1 200дөн ашык жумуш орду түзүлдү
2025-жылдын жыйынтыгы менен кооперация, кайра иштетүү, логистика жана механизация (МТС) тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Айыл чарба инфраструктурасы кеңейип, өндүрүш көлөмү өсүп, жаңы жумуш орундар түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Учурда өлкөдө 483 кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат, алардын 39у 2025-жылы ачылган. Мындан тышкары, 5 200 чакан ишкана бар, анын 61и жаңы түзүлгөн. Логистика тармагында 40 соода-логистикалык борбор, 264 жашылча сактоочу кампа жана 115 мал союу пункту ишке кирди.
Продукциянын сапатын жогорулатуу максатында 56 ишканада эл аралык сапат стандарттары киргизилди. Айыл жеринде биригүү процесси активдешип, учурда 821 айыл чарба кооперативи иштеп жатат, анын 68и жаңы түзүлгөн.
Механизация багытында дыйкандарга олуттуу колдоо көрсөтүлүп, 9 079 даана айыл чарба техникасы лизинг аркылуу берилди. Анын жалпы суммасы 25,2 млрд сомду түздү. Ошондой эле республика боюнча 186 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат.
Бул иштердин натыйжасында тармакта жалпысынан 31 276 жумуш орду түзүлүп, анын 1 264ү жаңы жумуш орундар болду.