Ошто жол кырсыктарын азайтуу үчүн айланма жол курулат

Ошто жол кырсыктарын азайтуу үчүн айланма жол курулат

Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган кесилиште жол кырсыктары байма-бай катталып келгендиктен, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында бул долбоор ишке ашырылууда.

Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан жол жээгинде курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Мэриядан кошумчалашкандай, Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ири суммадагы интернет-алдамчылык боюнча иликтөө жүрүп, 2007-жылкы жаран кармалды

Ири суммадагы интернет-алдамчылык боюнча иликтөө жүрүп, 2007-жылкы жаран кармалды

2025-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Н.В., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 2025-жылдын 5-ноябрында белгисиз адамдар «WhatsApp» мессенджери аркылуу батир сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, анын 49 миң 900 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын алдап алышкандыгын билдирген. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма

Экожолдорду жана экотуризмди өнүктүрүү жөнгө салынат

Экожолдорду жана экотуризмди өнүктүрүү жөнгө салынат

Экологиялык жол жана экотуризмди өнүктүрүү мамлекеттик жөнгө салууну талап кыларын радионун түз эфиринде Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун директору Адилет Жанузаков билдирди. Анын айтымында, бул маселеге мамлекеттик саясаттын көз карашынан мамиле кылуу зарыл. Ушуга байланыштуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду Туризм департаменти жана Экономика министрлиги менен биргеликте тиешелүү сунуштарды даярдоону

Кара металл калдыктарын экспорттоого тыюу салуу узарабы?

Кара металл калдыктарын экспорттоого тыюу салуу узарабы?

Экономика жана коммерция министрлиги кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Кыргызстандан чыгарууга убактылуу коюлган тыюуну узартууну сунуштоодо. Тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Министрлер кабинетинин кара металлдарды ошондой эле кайра эритүү үчүн арналган куймаларды (шихталык куймалар) өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө сунушталган токтом долбооруна ылайык, тыюу мөөнөтү дагы алты айга

Бишкектеги курулуш объектилеринде коопсуздук талаптар текшерилүүдө

Бишкектеги курулуш объектилеринде коопсуздук талаптар текшерилүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 9–11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде мониторинг жүргүзүлүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү иштери Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Анын алкагында курулуш объектилериндеги эмгек коопсуздугунун сакталышы, техникалык регламенттердин жана долбоордук талаптардын аткарылышы көзөмөлдө