Кыргызстандык балбандар “Yaşar Doḡu”-2026 эл аралык турниринде жеңишке жетишти
Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yaşar Doḡu”-2026 турнири жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңип алды: 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло.
КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, турнирдин жеңүүчүлөрү болуп 65 кг салмак категориясында Билол Шарип уулу жана 70 кг салмак категориясында Залкарбек Табалдиев аталды.
Ал эми күмүш медалга Осконбай Абдисаматов (65 кг) жана Малик Шаваев (86 кг) ээ болсо, коло медаль ээлери - Баяман Керимбеков (57 кг), Рустамжан Кахаров (70 кг) жана Адилет Маратбаев (79 кг) болду. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Жыл сайын өтүүчү Яшар Догу, Вехби Эмре жана Хамит Каплан атындагы эл аралык күрөш турнири 8-11-январь күндөрү өттү.

