Былтыр 14 миңден ашуун кыргызстандык Өзбекстанда дарыланган
2025-жылдын январь-ноябрь айларында 14 миңден ашуун Кыргызстандын жараны медициналык жардам алуу максатында Өзбекстанга барганы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.
Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери Өзбекстанга жалпы 80 миң 653 чет өлкөлүк жаран дарылануу үчүн келген. Медициналык туристтердин көпчүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары түзөт. Атап айтканда, Тажикстандан 55 миң 851, Кыргызстандан 14 миң 296, Казакстандан 7 миң 633 адам дарыланган.
Башка мамлекеттерден келгендердин саны анчалык көп эмес. Россиядан 1 миң 820, Афганистандан 678, Түркмөнстандан 219 бейтап катталган. Ошондой эле Түркиядан 47, АКШ жана Кытайдан 15тен, Азербайжандан 10 адам медициналык жардам алган. Калган 69 бейтап башка өлкөлөрдөн келген.