Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Орозбаева Улуу Британиядан келген чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин гендердик теңчилик жана инклюзия маселелери боюнча кеңешчиси Люси Макдермотт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар гендердик теңчилик, социалдык инклюзия жана аярлуу катмарларды коргоо багыттарындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.