Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилер камалды – зыян 182 млн сом

Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилер камалды – зыян 182 млн сом

Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоорунда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

2015-жылы долбоор үчүн кредиттик негизде 22 млн евро бөлүнгөн. Аудиттин натыйжасында бюджетке 182 млн сом алдын ала зыян келтирилгени аныкталды.

Тергөө учурунда Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А., "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., ошондой эле подряддык компаниялардын жетекчилери кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда бюджетке келтирилген зыяндын акыркы суммасын аныктоо жана бардык тиешелүү кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Президент ЖКнын регламентине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду

Президент ЖКнын регламентине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында ишке ашырылат. Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган: * Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат орду белгиленет;

Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу улантылууда. Долбоор улуттук энергосистеманын ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана электр энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөлдү Fichtner GmbH

Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев 2026-жылдын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо, стратегиялык максаттарга жетишүү жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, максаттарга жетүү жогорку уюшкандыкта

Кыргызстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилеби?

Кыргызстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилеби?

Кыргызстанда 10 миңден ашык катталуучусу бар блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн экенин журналист Эламан Карымшаков социалдык тармактарда билдирди. Ал маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин курултайдын делегаттарынын бирине жолдогон жооп катына таянып жарыялап, каттын скриншотун тиркеген. Анда учурда Маданият министрлиги "Блогерлер жөнүндө"