Бишкек-Ош автоунаа жолундагы салмак-өлчөм постторунда пара алып жүргөн жумушчулар кармалышты

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы салмак-өлчөм постторунда пара алып жүргөн жумушчулар кармалышты

Ички иштер министрлигине Бишкек-Ош автоунаа жолунда жайгашкан, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин карамагындагы салмак-өлчөм көзөмөл постторунда иштеген жооптуу кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Анын негизинде текшерүү жүрүп, аталган кызмат адамдары жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмак нормасынан ашып кеткенине карабастан, аны каттабай, тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн айдоочулардан 1000 сомдон 5000 сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын туруктуу түрдө алып турушканы аныкталган. ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул посттордон күн сайын 150-200гө чейин жүк ташуучу унаа өткөн.

Бул факты боюнча КРнын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери салмак-өлчөм постторунун жумушчуларын акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармашкан.

1991-жылы туулган А.З., 1981-жылы туулган С.У., 1998-жылы туулган А.А., 1994-жылы туулган А.Р., 1979-жылы туулган М.М., 1973-жылы туулган Т.Т. жана 1994-жылы туулган А.Б. аттуу жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

Өлкөдө журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди. Анын айтымында, учурда коомчулукту такталган маалымат менен камсыздоодо журналисттердин эмгеги бааланышы зарыл. Азыр алардын маянасы 13 миңден 20 миңге чейин, эң көп алганы 30 миң сом. Мындан улам эл өкүлү

Кыргызстанда аңчылык кылуу  билетинин баасы 15 миң сом болот

Кыргызстанда аңчылык кылуу билетинин баасы 15 миң сом болот

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык боюнча 75 факт катталганын билдирди. Анын айтымында, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 121 протокол түзүлүп, суммасы 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган. Мыйзамсыз аңчылык республиканын бардык аймактарында жайылган:

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган. Долбоордун негизги пункттары: * Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда; * Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу; * Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган