Indorama дыйкандарга 250 миң тонна жер семирткич жеткирүүнү пландап жатат
Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык Indorama компаниясынын директору Пракаш Кежривали менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз дыйкандарына минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз жеткирүүнү, болжол менен 250 миң тонна муктаждыкты камсыздоону талкуулашты.
Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүү багыттары — өсүмдүктөрдү коргоо препараттарын өндүрүү, дыйкандарды агротехнологияларга окутуу жана учуучу аппараттарды колдонуу — белгиленди.
Министр Төрөбаев мындай өнөктөштүк өлкөнүн агроөнөр жайын модернизациялоого, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Тараптар практикалык кызматташууну улантууга макулдашты.