Бишкек базарларында уй жана кой этинин баалары көзөмөлдөнүүдө

Бишкек базарларында уй жана кой этинин баалары көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарында калкка зарыл азык-түлүк, анын ичинде уй жана кой этине бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул чара 2025-жылдын 7-августундагы №140 буйругуна ылайык, сөөктүү уй жана кой этинин бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максатында өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиргендей, Свердлов, Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук администрациялары Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы, ветеринардык жана салык органдары менен биргеликте базарларда жана соода түйүндөрүндө рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Өзгөчө көңүл уй жана кой этинин баасы бир килограммы үчүн 680 сомдон ашпоого бурулууда.

Ошондой эле калкка ыңгайлуу баада эт сатуу максатында ортомчусуз соода пункттары уюштурулуп, жаңы "Чүйгүн" эт павильону ишке киргизилди. Учурда дүң баалар: кой эти — 640-680 сом, уй эти — 640-680 сом, жылкы эти — 540-560 сом, чекене баалар 660 сомдон башталат.

Рейддик иш-чаралар жана эт бааларына көзөмөл туруктуу негизде улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

9-апрелде Бишкекте өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн

Айдоочулардын жетишсиздигине жана автобустардын кечигүүлөрүнө эмне себеп?

Айдоочулардын жетишсиздигине жана автобустардын кечигүүлөрүнө эмне себеп?

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын экинчи автопаркынын башкы инженери Артур Омурзаков жүргүнчүлөрдүн автобусту узак күтүп калышынын себебин так айтып берди. Анын айтымында, автобустар жеңил унаалар менен бирдей тыгындарда туруп калууга мажбур болгондуктан алардын графикги сакталбай жатат. Кыязы, автобустар жолдордо унаалар аз болгон учурда бекитилген эски график боюнча эле

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыктарынан 11 млрд доллардан ашык акча жоготушканын "Казинформ" АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун интернет кылмыштары боюнча отчетуна шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет кылмыштары боюнча арыздануу борбору (IC3) 1 миллиондон ашык билдирүү алган, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 859,5 миң болгон. Өткөн жылы америкалыктар алдамчылыктын

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнүн ири партиясы аныкталганын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. "Казакстандан келе жаткан кыргыз жараны А.М.В. (1988-жылы туулган) башкарган Volvo Truck үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа өткөрмө пунктуна тиешелүү товар коштоочу документтери жок