К.Туманбаев КТБларда онлайн кызматтарды күчөтүү тапшырмасын берди
Кечээ Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев республикадагы Калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышты. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Узак майрамдык дем алыштардан кийин борборлордо жарандардын агымы көбөйгөнү байкалган.
Туманбаев борборлордун ишин күчөтүү, зарыл учурда кызматкерлердин санын көбөйтүү жана жарандарга онлайн-кызматтарды өздөштүрүүгө активдүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берди. Эгер кызматты алыстан алууга мүмкүн болсо, аны ошол жерде түшүндүрүп, багыт берүү сунушталды.
Бүгүнкү күндө тиркеме жана портал аркылуу төмөнкү кызматтар онлайн түрүндө жеткиликтүү:
- КТБга жазылуу;
- ЖААК кызматтары;
- ID-картаны алмаштыруу;
- Даректи каттоо;
- ЖААК документтерин санариптештирүү;
- Маалымкаттар жана көчүрмөлөр алуу.
Калкты тейлөө борборлору мамлекеттик кызматтарды ылдам, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу багытында ишин улантууда.