"Аалам строй" ЖЧКсына 3 млн айып пул салынды

"Аалам строй" ЖЧКсына 3 млн айып пул салынды

Кечээ КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшергенин министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүү учурунда “Аалам Строй” ЖЧКсына таандык Анкара көчөсү 3а дарегиндеги турак жай комплексинин ондон ашык блогунун ар биринде бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эржелери бузулгандыгы аныкталды. Ошондой эле, аталган компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораториялардан өткөргөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары курулуш объектисиндеги блоктордун үлүш ээлерине пайдалануугамыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Аалам Строй” ЖЧКсына карата комплекстин ондон ашык блогунун ар бири боюнча айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 3 млн сомду түздү.

Ошондой эле, курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Мындан сырткары, министр объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми лабораториянын жыйынтыгы боюнча өзүнчө чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланат

Оштогу "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланат

Ош шаарында "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Муниципалитет башчысы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, ишкананын аймагында жаңы гараж, дан сактоочу кампа жана айыл чарба техникаларын кышкы оңдоодон өткөрүүчү устакана курулуп жатат. Жаңы объекттер жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Учурда мэрдин тапшырмасы менен “Агрардык чарба” муниципалдык

Д.Трамп Гренландия боюнча позициясы үчүн Европанын 8 мамлекетине 10%дык бажы салыгын киргизерин эскертти

Д.Трамп Гренландия боюнча позициясы үчүн Европанын 8 мамлекетине 10%дык бажы салыгын киргизерин эскертти

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Гренландияны көзөмөлгө алуу аракетине каршы чыккан сегиз европалык өлкөгө 10%дык бажы төлөмдөрү киргизилерин билдиргенин The Guardian басылмасы жазды. АКШ лидери билдиргендей, 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Улуу Британия, Франция, Германия, Нидерланддар жана Финляндиядан АКШга экспорттолгон бардык товарларга 10% бажы төлөмү колдонулат. Ошондой эле Трамп

"Манас" аэропортуна баруучу кошумча жол долбоору иштелип жатат

"Манас" аэропортуна баруучу кошумча жол долбоору иштелип жатат

Кечээ МинКаб өкүлдөрү Бишкек шаарынын четиндеги "Манас" аба майданына чейин кошумча жол куруу долбоорун талкуулашты. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырым болорун билдирди. "Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен башталчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботтордун дүйнөлүк рыногунда үстөмдүк кылып, орнотулган роботтордун 80%дан ашыгы ушул өлкөгө туура келерин South China Morning Post билдирет. Маалыматка ылайык, AgiBot жана Unitree компаниялары Кытайга 2026-жылы дүйнөлүк рыноктун чоң бөлүгүн ээлөөгө жардам берет, ал эми 2027-жылга карата рыноктун көлөмү алты эсе өсөт. Counterpoint компаниясынын маалыматына ылайык,