Казакстанда ЖИ камералары мектептерге орнотула баштады

Казакстанда ЖИ камералары мектептерге орнотула баштады

Астана шаарында жасалма интеллект камералар окуучулардын агрессивдүү жүрүм-турумун аныктарын жана мындай видеокөзөмөл шаардын Есиль районундагы №107 мектепке коюлганын Kazinform билдирди.

Аталган долбоор сентябрдан тарта эксперименталдык негизде ишке киргизилген. Бул үчүн мектеп Protector AI компаниясы менен келишим түзүп, жаңы жабдуулар орнотулган. ЖИ системасы ар кандай окуяларга ыкчам чара көрүүгө жардам берет. Камералар окуучулардын агрессивдүү жүрүм-турумун, мектеп эрежелеринин бузулушун жана балдар арасындагы зомбулук учурларын аныктайт. Мындай учурларда видеожазуу автоматтык түрдө мектеп директоруна жөнөтүлөт.

Мектеп директору Айгүл Бейсенбинанын айтымында, конфликт же балага карата агрессия болсо, система аны дароо аныктап берет. Андан кийин ата-энелер чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

“ЖИ-камералар окуучулардын эмоционалдык абалын да талдайт. Эгер система бир нече ирет агрессивдүү жүрүм-турумду каттаса, ал бала менен кошумча иш жүргүзүлөт. Аны менен мугалимдер жана психологдор маектешип, тренингдерди өткөрүшөт”,-дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"