Бишкек шаарында 380 мыйзамсыз объект суу коргоо зоналарынан алынууда

Бишкек шаарында 380 мыйзамсыз объект суу коргоо зоналарынан алынууда

Бишкек шаарында суу коргоо зоналарында мыйзамсыз жайгашкан объекттерди бузуу боюнча пландуу иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда Аламедин дарыясынын нугунда жайгашкан "Кекеев" кафесин бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада жалпы аянты 2 380 чарчы метр болгон муниципалдык жер бошотулду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан доо-кат (эскертүү) кат берилгенден кийин, объекттин ээлери демонтаж иштерин өз ыктыяры менен башташты.

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы тарабынан ижара келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жалпысынан 2025-жылы шаардагы бардык суу коргоо зоналарында 380 объект демонтаждалды, анын ичинен 48 капиталдык курулуш, 332 жеңил типтеги объект. Бул багыттагы иштер улантылууда. 

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта