Депутат Дастан Бекешев визаран мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев 2024-жылы визаран режими алынып салынгандан кийин көптөгөн казак жарандары Кыргызстанга кире албай, үй-бүлөлүк олуттуу көйгөйлөрдү жаратып жатканын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда аталган мыйзамдын айынан үй-бүлөлөр бөлүнүп калган кырдаалдар жаралууда.
“Азыр Казакстандан Кыргызстанга көпчүлүк жарандар кире алышпай калышты. Биз 2024-жылы Визаран деген мыйзамды бекиткенбиз. Ошол аркылуу азыр үйбүлөөлөр ажырашып кетсе, көйгөй жаралып жатат. Мисалы аялы же баласы казак жараны болсо, Кыргызстанга кире албайт экен. Ушуну кайра карап чыгыш керек болуп жатат. Анткени бир топ эле ыңгайсыздык болуп калды. Мисалы студенттерге...” дейт Бекешов.
Ушуга байланыштуу депутат бул мыйзамды талкуулоону кайра баштоону жана визанын жокко чыгарылышынын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн ага өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
“Казакстанда дагы ушундай мыйзамдар бар. Бирок биз өзүбүздүн жарандарга ынгайлуу кылалы. МИДге ушундай тапшырма берели. Карап чыксын. Ушул үчүн үйбүлөөлөр ажырашпай, бир болушу керек экен. Бирок тилекке каршы, айрым үйбүлөө мүчөлөрүнүн бири Кыргызстанда, бири Казакстанда жүрүшөт. Керек болсо, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели” – деп баса белгиледи Дастан Бекешев.