Таласта мыйзамсыз жер бөлүштүрүү боюнча шектүү кармалды

Таласта мыйзамсыз жер бөлүштүрүү  боюнча шектүү кармалды

УКМК Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул иш боюнча аймактык Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин райондук филиалынын адиси кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору маалымдады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын иликтөөсүндө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жасалмалоо жолу менен Талас облусунун Айтматов районундагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагында 43 жаранга жалпы аянты 10,75 гектарды түзгөн жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп берилгени аныкталган.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, ушул эле ыкма менен жалпы жонунан 56 жер тилкеси мыйзамсыз берилген.

Ведомствонун маалыматына караганда, Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Айтматов райондук филиалынын адиси Э. А. Т. текшерүүнү токтотуу жана жоопкерчиликтен качуу максатында пара берүүгө аракет кылган.

Маалыматка ылайык, Э. А. Т. 20-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерине 100 миң сом пара берээрде кармалган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей