УКМК 11,2 га мыйзамсыз менчиктештирилген жерди мамлекетке кайтарды

УКМК 11,2 га мыйзамсыз менчиктештирилген жерди мамлекетке кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдиргендей, Бишкек шаарынын Дорожная көчөсүндө жайгашкан 11,2 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, бул жер тилкеси 1997-жылы Бишкек мэриясы тарабынан Кара-Жыгач токоюнун аймагынан Токой институтуна илимий изилдөө максатында берилген. Бирок, кийинчерээк жер мамлекеттик каттоо органдарына катталбай калган жана айрым кызмат адамдары тарабынан жеке жактарга сатылган.

Тергөө иштеринин натыйжасында жер тилкеси баштапкы максатка ылайык пайдалануу үчүн толугу менен мамлекетке кайтарылды.

УКМК буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилген Улуттук илимдер академиясынын башка мүлктөрүн аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө чатыры ураган мектеп боюнча Курулуш министрлигинин түшүндүрмөсү

Ысык-Көлдө чатыры ураган мектеп боюнча Курулуш министрлигинин түшүндүрмөсү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылындагы 150 орундуу Ислам Касмалиев атындагы мектептин чатыры 18-январда калың кардын кесепетинен урап түшкөн. Бул боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түшүндүрмө берди. Мектеп пайдаланууга берилген эмес, себеби чатыр орнотуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан кабыл алынган эмес. Курулуш “Ас-Салам” фонду тарабынан

Былтыр өлкө боюнча 279 жаңы трансформатор орнотулган

Былтыр өлкө боюнча 279 жаңы трансформатор орнотулган

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 2025-жылы 279 даана жаңы трансформатор орнотуп, 366 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатты. Жалпы 645 трансформаторго жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, трансформатор орнотуу иштери бардык региондордо аткарылды: * Бишкек — 69 даана * Баткен — 95 даана * Жалал-Абад — 113 даана * Ысык-Көл — 61 даана * Нарын — 77

Эмгек министри ФАО менен айыл аймактарын өнүктүрүүнү талкуулады

Эмгек министри ФАО менен айыл аймактарын өнүктүрүүнү талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл жергесиндеги жашоо шарттарын жакшыртууга жана миграциядагы калктын колдоосуна багытталган биргелешкен демилгелерди талкуулашты. ФАО

Салык кызматы чакан жана орто бизнеске колдоону улантууда

Салык кызматы чакан жана орто бизнеске колдоону улантууда

Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Бул чечим чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү, административдик басымды азайтуу жана жагымдуу иштөө шарттарын түзүү максатында кабыл алынды. Токтотуу чарасы бирдиктүү салыктын 0