Бишкекте кар тазалоо иштерине 95 атайын техника тартылды

Бишкекте кар тазалоо иштерине 95 атайын техника тартылды

Жааган карга байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарында кар тазалоо иштерин күчөттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" ишканасынын базасына Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев барып, атайын техникалардын жана кызматкерлердин даярдыгын текшерди. Шаар башчысы коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертип, көчөлөрдү жана тротуарларды активдүү тазалоону тапшырды.

Учурда жолдорго тайгаланууга каршы материалдар себилип, көчө-жол тармактары менен тротуарларды тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Кар тазалоо иштери сутка бою жүргүзүлөт.

Иштерге жалпысынан 95 даана атайын техника тартылган. Алардын катарында 47 жол машиналары (КДМ), 3 фронталдык жүктөгүч, 3 лапалуу жүктөгүч, 3 универсалдуу коммуналдык машина (УКМ), тротуарларды тазалоо үчүн 34 трактор жана 5 даана Bobcat техникасы бар.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жолдордо этият болууга жана атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратпоо үчүн унааларды жол жээгине токтотпоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей