Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында (U-20) төртүнчү ирет жеңишке жетти

Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында (U-20)  төртүнчү ирет жеңишке жетти

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы дүйнө чемпионатында ийгиликтүү оюнун улантууда. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдагандай, алты өлкөнүн курама командасы катышкан мелдеш ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат.

 22-январда өткөн төртүнчү турдун алкагында кыргызстандыктар Люксембургдун курама командасы менен беттешип, 5:2 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти. Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасы үчүн турнирде катары менен төртүнчү болуп, команда турнирдик таблицада лидерлигин сактап калды.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы 18-январда башталган оюнда - Гонконгдун (Кытай) (4:1); Түштүк Африка Республикасынын (7:2) жана Ирандын жаштар курама командалары менен беттешип (15:1), катары менен ишенимдүү жеңишке жетип келе жатышат.

Дүйнө чемпионатынын акыркы турунда кыргызстандыктар Мексиканын курама командасына каршы ойношу күтүлөт. Бул беттеш 24-январда өтөт.

Белгилей кетсек, хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты 24-январга чейин уланат. Турнирде Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында мыйзамсыз берилген 185,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Нарында мыйзамсыз берилген 185,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарынын аймагында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жалпы аянты 5 943 чарчы метрди түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1999-2002-жылдары Нарын шаарынын жана Нарын районунун жетекчилери тарабынан жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган. Атап айтканда, М. Рыскулов

Президенттин тапшырмасына ылайык тигүү тармагын өнүктүрүү чаралары иштелүүдө

Президенттин тапшырмасына ылайык тигүү тармагын өнүктүрүү чаралары иштелүүдө

Президент Садыр Жапаровдун "Ынтымак Ордо" резиденциясында тигүү тармагынын өкүлдөрү менен өткөн кеңейтилген жолугушууда берилген тапшырмаларды аткаруу максатында Экономика жана коммерция министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте тармакты өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууну Президент Садыр Жапаров өзү өткөрүп, ага ишкерлер, жүндү кайра иштетүүчүлөр, Wildberries маркетплейсинин,

Бишкекте кар тазалоо иштерине 95 атайын техника тартылды

Бишкекте кар тазалоо иштерине 95 атайын техника тартылды

Жааган карга байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарында кар тазалоо иштерин күчөттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Тазалык" ишканасынын базасына Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев барып, атайын техникалардын жана кызматкерлердин даярдыгын текшерди. Шаар башчысы коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертип, көчөлөрдү жана тротуарларды активдүү

Айрым дарыларды жеке сектордун алып киришине уруксат берилет

Айрым дарыларды жеке сектордун алып киришине уруксат берилет

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоодон өтпөстөн убактылуу алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген атайын тизмеге киргизүү тартибин жөнгө салган документке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоор 2025-жылдын 23-августундагы №522 токтомдун нормаларын тактап, мындай дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга укуктуу уюмдардын чөйрөсүн кеңейтүүнү карайт.