Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт
Бишкек шаарына жакында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө жалпысынан 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жаңы аймактарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан.
Мэр белгилегендей, аталган программанын алкагында жалпы каржылоонун көлөмү болжол менен 9 млрд сомду түзөт. Учурда бул багыттагы иштер башталып, 2026-жылы 2,5–3 млрд сомго жакын каражат тартылган.