Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде курулуш эрежелери жана техникалык коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды. Ошондой эле курулуш-монтаждоо иштеринде бир катар курулуш ченемдери бузулган.

Мындан тышкары, подрядчы компания объекттин ичинде кеңсе жайларын уюштуруп, жарандарды кабыл алып келгендиги белгилүү болду. Аталган объект жогорку кооптуу өндүрүштүк объекттердин катарына киргендиктен, мындай аракеттер мыйзам бузуу катары бааланды.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Зам-Зам билдинг” ЖЧКсына карата айып пул салуу жана лицензиясын токтотуу маселеси тиешелүү комиссиянын отурумунда каралды.

Комиссиянын 2026-жылдын 23-январындагы чечими менен “Зам-Зам билдинг” ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей