Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштарды бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Текшерүү учурунда аталган жер тилкеси Президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгы бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде объект УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылып, Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, шаар мэринин демилгеси менен мурда жеке колдорго өтүп кеткен жер тилкелерин жана социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун айрым кызматкерлери ишкерлерге карата пландуу текшерүүлөрдө мыйзамда каралган жазуу жүзүндөгү эскертүү жана контролдук текшерүүнү өткөрбөстөн, түздөн-түз айып

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, лицензиялардын аракети 2026-жылдын 24-январынан 7-февралына чейин токтотулду. Чечим төмөнкү алмашуу бюролоруна тиешелүү: Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 95 дарегинде жайгашкан "Кызыл жылдыз Кей Джи" ЖЧКсынын 2022-жылдын 1-ноябрында

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Бүгүн, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министр өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары негизги тармактарды

Кыргызстандыктар ОСАГО полиси боюнча 256 млн сом төлөм алышты

Кыргызстандыктар ОСАГО полиси боюнча 256 млн сом төлөм алышты

Кыргызстанда автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 256 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң ири бөлүгү ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрүнө туура келет. Тактап айтканда, жеке