Дарыянын суусун булгаган адамга 10 миң айып пул салынды
Социалдык тармактарга тараган видеодон кийин Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда дарыяны булгаган жаранга карата Ош облустук Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан айып пул салынганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам текшерүүгө интернетке кеңири тараган жарнамалык видеоролик негиз болгон. Видеодо бир эркек киши килемдин үстүнө атайылап боёк куюп, андан соң килемди түз эле тоо дарыясынын агын суусунда жууп жатканын көрүүгө болот. Инспекторлор видеонун авторун аныкташып, ал жаран Б. у. Б. экени белгилүү болгон. Ал бул контентти килем буюмдарын жарнамалоо максатында тартканы аныкталды.
Ведомство бул аракеттерди экологиялык талаптарды бузуу катары баалады. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-беренесинин негизинде жаранга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Текшерүүдөн жана түшүндүрүү иштеринен кийин тартип бузган жаран күнөөсүн мойнуна алган. Ал Instagram социалдык тармагында кайрылуу жарыялап, айлана-чөйрөгө зыян келтирген аракеттери үчүн коомчулуктан кечирим сурады.