Майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" долбоору ишке кирди

Майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" долбоору ишке кирди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси коомдук "Мүмкүнчүлүк" бирикмеси менен биргеликте майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Долбоорго Реабилитациялык борбордо дарыланып, калыбына келтирүү курсунан өтүп жаткан жана социалдык адаптация процессиндеги майыптуулугу бар жарандар катышууда.

Окутуунун максаты — заманбап онлайн-платформалар аркылуу катышуучулардын санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун жана өзүн-өзү ишке ашыруусун өнүктүрүү. Сабактарда YouTube менен иштөөнүн негиздери, видео тартуу жана монтаждоо, контент түзүү, канал жүргүзүү, социалдык тармактарда илгерилетүү жана жеке брендди өнүктүрүү үйрөтүлөт.

Учурда биринчи агымда 16 адам окуудан өтүүдө. Курстун жыйынтыгында катышуучуларга күбөлүк тапшырылат. Долбоор аяктаганга чейин 80 майыптуулугу бар адамды окутуу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

13-мартта Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧКсы тарабынан май-канат балыгынын 1,2 миллион чабагы коё берилди. Чабактардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Талас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу жаңы стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жумушчу сапар менен объектке КФСтин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов барышты. КФСтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө союз өкүлдөрү курулуштун учурдагы баскычын жеринде көрүп чыгып, аткарылып

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат: * Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат; * Батыш РЭТ: 100 даана

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөрүн мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Мэр жаңы өндүрүш зоналары шаар экономикасын өстүрүп, ишкерлерге шарт түзөрүн жана калкты жумуш